Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Евробиримдик Google корпорациясын айыпка жыкты


Калифорниядагы Google корпорациясынын баш кеңсеси.
Калифорниядагы Google корпорациясынын баш кеңсеси.

Еврокомиссия Google корпорациясына шаркеттин антимонополиялык мыйзамдарын бузганы үчүн төрт миллиард евродон ашуун айып салды.

Еврокомиссия корпорация Android системасы менен иштеген смартфондорго Chrome сыяктуу интернеттеги программаларды жүктөөгө милдеттендирген деген бүтүмгө келген.

Комиссия Google корпорациясынын мындай аракети Chrome менен иштеген башка мобилдик браузерлерди чектеп, жаңы системалардын пайда болушуна тоскоол болгон деп санайт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып жазды.

Google Еврокомиссиянын бүтүмү туура эмес деп, аны арыздана турганын билдирди. Былтыр корпорация интернетте соода жүргүзүүдө өзүнүн гана программа-агрегатына артыкчылык бергени үчүн 2,5 миллиард еврого айыпка жыгылган.

XS
SM
MD
LG