Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

Элчилик: Бутина 15 жылга абакка кесилиши ыктымал


Мария Бутина.
Мария Бутина.

Орусиянын АКШдагы элчилиги бул өлкөдө тыңчылыкка шектүү Мария Бутина менен жолугушууга уруксат алды. Бул тууралуу элчилик "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Маалыматка караганда, тагылган айып боюнча Бутина 15 жылга абакка кесилиши ыктымал. Элчилик керек жардамды бере турганы да айтылды.

“Элчилик Бутина менен жолугушууга уруксат алды. Керек болгон жардамды беребиз,” - деп жазылган 19-июлда элчилик тараткан маалыматта.

18-июлда АКШ Орусиянын жаранына "чет элдик агент" деп каттоодон өтпөгөнү үчүн жаңы айып такты. Буга чейин Бутинага "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган. Бутина америкалык саясатчыларга таасир этүүгө аракеттенген, Орусиянын кызыкчылыктарын сүрөгөн жана орус бийлигине иштеген деп шек саналып, 15-июлда кармалган. Москва анын камакка алынышын айыптап, бул Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Хелсинкидеги жолугушуусун утурлап атайын жасалган иш деп баалады.

XS
SM
MD
LG