Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Санарип сигналдарын жеткирүүчү ишканада дээрлик 82 млн. сомдук жемкорлук аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) санарип телекөрсөтүү сигналдарын элге жеткирүүчү ишканада жемкорлук фактылары болгонун билдирди.

Бүгүн аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлаганына караганда, Теле жана радионун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси 15 каналда суткасына 24 саат санарип көрсөтүүлөрдү берип жатканын айтканы менен иш жүзүндө каналдардын саны 10дон ашпаганы аныкталды.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 2015-2016-жылдары дээрлик 82 миллион сомдук зыян келтирилген.

Финансы полициясы чогулткан материалдардын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген 304-беренесинин негизинде иш козгоду. (RK)

XS
SM
MD
LG