Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Жээнбеков: Жарандык коомдун конструктивдүү сынына даярбыз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Биз жарандык сектор менен иштешүүгө, өнөктөш болууга даярбыз, конструктивдүү идеяларга жана сынга ачыкпыз” деп билдирди бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууда.

Президент өкмөттүк эмес уюм болобу, мамлекеттик түзүм болобу, өлкөнүн жана элдин жашоосун оңдоого умтулушу керек экенин белгиледи.

«Силерди мамлекеттин келечегине бейкапар карабаган, жогорку интеллектуалдык дарамети бар адамдар катары билем” деди ошондой эле Жээнбеков.

Ушу тапта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президенттин жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуусу өтүп жатат. Ага журналисттер чакырылган жок.

Диалогдун катышуучуларынын арасында белгилүү саясатчылар жана активисттер Равшан Жээнбеков, Бегалы Наргозуев, Турсунбек Акун, Чолпон Жакупова, Рита Карасартова, Эдил Байсалов, Адил Турдукулов, Динара Ошурахунова, Сапар Аргымбаев, Төлөкан Исмаилова, Бүбүсара Рыскулова, Токтайым Үмөталиева жана башкалар, жалпысынан 40 адам бар. (RK)

XS
SM
MD
LG