Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Жети-Өгүздө селден бузулган көпүрө оңдолууда


Көпүрөнү калыбына келтирүү иштери бүгүн да уланууда.
Көпүрөнү калыбына келтирүү иштери бүгүн да уланууда.

Жети-Өгүздө бир жагын сел алып кеткен көпүрө оңдолуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жол тейлөө кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кудайкул Күчүков билдирди.

Анын айтымында, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун 147-чакырымында үч күндөн берки нөшөрдөн кийин суунун деңгээли эки эсе көтөрүлүп, шаршемби күнү Чоң-Жаргылчак суусундагы көпүрөнүн бир жак жээгин жеп, узундугу 2,5 метр, туурасы 2 метр жерин алып түшкөн.

Көпүрөнү алып кеткен соң ДЭУ-3түн кызматкерлери оңдоо иштерин жүргүзүп, беш сааттан кийин кечинде чоң автоунааларга жолду толук ачып беришкен. Ал эми жеңил автоунаалар токтобостон жолдун бир жагы менен кезеги боюнча өтүп турушкан.

Бүгүн көпүрөнүн жээгин толук бекемдөө жана асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG