Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Иран уран байытуу кубатын кеңейтүүнү улантууда


Ирандын центрифугалары. 2013-жылы тартылган сүрөт.
Ирандын центрифугалары. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Тегеран бул маалыматты 18-июлда жарыялоо менен уран байытууда колдонулуучу негизги жабдуу – центрифугалар жасала турган жаңы жайды курууну аяктоого аз калганын да кошумчалады.

Мунун алдында, 17-июлда Тегеран АКШга каршы Эл аралык адилеттик сотуна (ICJ) кайрылган эле.

Расмий Тегеран сотко жиберген арызында президент Дональд Трамптын администрациясынын Иранга каршы санкцияларды калыбына келтиришин АКШ Иран жана дүйнөнүн башка беш ири державасы менен кол койгон келишимди бузуу деп белгилеген.

2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимге ылайык, Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна кийин ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

Мамлекеттик департамент буга чейин жарыялагандай, АКШнын Иранга каршы санкцияларынын биринчи баскычы августтан тартып калыбына келет.

Иран Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) уран байытуу кубатын кеңейтүүгө киришкенин 5-июнда эле кабарлаган болчу.

Анда өлкөнүн вице-президенти жана МАГАТЭнин башчысы Али Акбар Салехи Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактай турганын жана анын өзөктүк ишмердиги ошол келишимде каралган чектен чыкпай турганын да белгилеген.

Ал эми француз президенти Эммануэл Макрон Ирандын уран байытуу кубатын кеңейтүү пландарынын жаңжал жараткыдай күчү бар экенин эскерткен. (UE)

XS
SM
MD
LG