Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:58

“Ата Мекен” Жээнбековго Орусиядагы мигранттардын жери боюнча кайрылды


Туладагы кыргыз айылы.
Туладагы кыргыз айылы.

“Ата Мекен” партиясы Орусиянын Тула облусунда жер үлүшүнөн ажыроо алдында турган кыргызстандыктарга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Бүгүн жарыяланган кайрылууда кыргыз бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путинге жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге кайрылып, алардын маселесин чечүүгө көмөк сурашы керек экендиги айтылат.

2016-жылдан тартып Туладагы Заокский районуна караштуу Клищино айылында кыргызстандык мигранттар 478 жер үлүшүн жеке менчикке сатып алып, айрымдары турак жай кура баштаган. Жер ээлеринин жарымынан көбү - Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар.

Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарба багытына өткөрүүнү чечкен. (RK/LzT)

XS
SM
MD
LG