Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Тажик мигранты "Улут лидерин кемсинтти" деп айыпталууда


Умар Муродов.
Умар Муродов.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстанда Муминабад районунун жашоочусу Умар Муродовго козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктады.

Укук коргоо органдарындагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал "Орусияда, эмгек миграциясында жүрүп «Одноклассники» социалдык түйүнүнүндөгү баракчасында Тажикстандагы мамлекеттик түзүлүштү күч менен кулатууга үндөгөн чакырыктары бар видео-тасмаларды жарыялап, ал эми комментарийлеринде мамлекет башчысын кемсинткен" деп айыпталууда.

Мигрант мекенине Москва-Куляб рейси менен 12-июнда келгенде камакка алынган.

Умар Муродовдун жакындарынын айтымында, ал тажик бийлигинин өтүнүчү менен быйыл мартта кармалган. Бирок далил жетишпегенине байланыштуу кайра бошотулган.

Муродов өзү быйыл май айында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматына өзүн күнөөсүз деп санагандыктан мекенине келерин, жергиликтүү бийлик аны камакка албоого убада бергенин билдирген.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмонго "Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут лидери" деген макам 2015-жылы берилген.

Ал эми Тажикстандын Кылмыш-жаза кодекстиндеги атайын беренеге ылайык, Улут лидеринин ар-намысына, беделине шек келтиргендер беш жылга чейин түрмөгө түшүшү мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG