Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Орусиянын Думасы пенсия реформасын биринчи окууда жактырды


Мамлекеттик Думанын алдындагы нааразылык. 19-июль, 2018-жыл.
Мамлекеттик Думанын алдындагы нааразылык. 19-июль, 2018-жыл.

Пенсия курагын көтөрүү боюнча орус өкмөтү сунуш кылган мыйзам долбоорун 19-июлда Мамлекеттик Дума биринчи окууда 327 добуш менен жактырды, 102 депутат колдогон жок.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, пенсия курагынын көтөрүлүшүн бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы гана колдоду. КПРФ, "Адилеттүү Орусия" жана ЛДПР каршы чыкты.

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин билдиргенине караганда, долбоорду талкуулоо 24-сентябрга чейин улантылат.

Бүгүн Мамлекеттик Думанын имаратынын алдына пенсиялык реформага нааразылык билдирип, 200дөй киши жыйналды.

Премьер-министр Дмитрий Медведев 14-июнда өкмөттүк жыйында жарыялагандай, алар сунуш кылып жаткан планга ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Натыйжада 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек.

Пенсия курагын көтөрүү, орус өкмөт башчысынын айтымында, “кошумча каражатты инфляцияга жараша индексациялоого, пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүүгө жардам берет”.

Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, “Коомдук пикир” деген уюмдун сурамжылоосу боюнча орусиялыктардын 82% пенсия курагы көтөрүлүшүн жактабайт.

Буга чейин Орусиянын аймагында бир нече нааразылык акциялары өткөн. Пенсия курагы көтөрүлүшүнө каршы петицияга 1-июлга карата 2,8 миллион киши кол койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG