Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

Ошто жаңы төрөлгөн балага документ алуу кыйын болуп жатканы айтылды


Күбөлүк алыш үчүн кезек күткөндөр. Ош шаары.
Күбөлүк алыш үчүн кезек күткөндөр. Ош шаары.

Ош шаарында жаңы төрөлгөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда кыйынчылыктар болуп жатат. Бул жөнүндө 19-июлда “Азаттыкка” шаар тургундары кабарлашты.

Алардын айтымында, “күбөлүк жазылуучу атайын кагаз тартыш болгону үчүн” ушундай абал түзүлүүдө.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк жетиштүү санда келбей жатканын Ош шаардык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башкы адиси Урия Курманалиева да ырастады:

- Мисалы бүгүн почтадан 40 даананы алып келдим. Дүйшөмбү күнү 200 даана келиши күтүлүп жатат. Бишкек эмне себептен улам күбөлүктөрдү Ошко жетиштүү өлчөмдө чыгарып бере албай жатканын билбейм.

Расмий маалыматка караганда, Ошто 300 миңге жакын адам жашайт. Шаарда облус аралык перинаталдык төрөт үйү, шаардык төрөт үйү жана бир нече жеке менчик төрөтканалар бар. Ош шаарында сутка сайын жүздөй бала төрөлөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы маалыматты териштирип жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG