Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Казакстан: бычакталган көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тэн каза тапты


Денис Тэн. Архивдик сүрөт.
Денис Тэн. Архивдик сүрөт.

Ал 19-июлда ооруканада каза тапканын “Азаттыктын” казак кызматына өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ырастады.

Расмий маалыматка караганда, таанымал спортчу Алматыда бычак менен кол салуудан алган жараатынан улам мерт болду.

Дарыгерлердин айтымында, спортчу кеминде үч литр кан жоготкон.

Алматы полициясы билдиргендей, спортчуга анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган.

25 жаштагы Денис Тэн 2014-жылы Сочи олимпиадасында коло медал уткан. (UE)

Сочиде коло медал алгандан кийин берген маеги. 2014-жыл

XS
SM
MD
LG