Жүздөгөн оппозициячыл активист баш калаа Кишиневдун мэрлик кызматы үчүн жаңы шайлоо өткөрүүн талап кылып парламент имаратынын алдына келди.
Демонстранттар ал түгүл кыйкырууга, имаратты кайтарган коопсуздук күчтөрүнө каршылык көргөзүүгө чейин барышты.
Буга чейин Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо өткөрүлбөй турганын жарыялаган.
"Ар-намыс жана чындык" платформасынын лидери, батышчыл саясатчы Андрей Нэстасе шайлоонун 3-июндагы экинчи айлампасында орусиячыл талапкерди утуп, 52,5% добуш алган.
Бирок Молдованын үч инстанциядагы соту шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, добуш берүү күнү элди үгүттөө үчүн эки талапкер тең социалдык медианы колдонгонун жүйө келтирген.
Батышчыл талапкердин жеңишинин таанылышын талап кылып, миңдеген демонстранттар шайлоодон кийин Кишиневдо бир нече күн бою демонстрация өткөрүшкөн.
Молдованын батышчыл өкмөтүн колдогон АКШ жана Евробиримдик Кишиневдун мэрлигине антикоррупциячыл активист жана саясатчынын шайланышы жокко чыгарылганын сынга алышкан.
Евробиримдик ага катар Молдовага 100 миллион евро каржылык жардамдын биринчи траншын берүүнү токтотуп койгон. Мунун себебин ал Кишиневдун мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылышы аркылуу жардам берүүнүн негизги шарттары - демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо бузулганы менен түшүндүргөн. (UE)