Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Албек Ибраимовдун бөгөт чарасы каралууда (видео)


Албек Ибраимовдун бөгөт чарасы каралып жаткан учур. 19-июль, 2018-жыл.
Албек Ибраимовдун бөгөт чарасы каралып жаткан учур. 19-июль, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап жатат. Албек Ибраимов сотко жеткирилип, анын бөгөт чарасын Эрнис Айбек уулу карап жатат.

Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары 19-июлда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгына жеткирилген.

Экс-мэрдин бөгөт чарасы каралууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тараткан кабарда ал тергөөгө бир нече жолу чакырылганы, бирок эгер кармала турган болсо куралчан каршылык көрсөтөрүн билдирип коркутканы, тиешеси бар экени тастыкталган бир нече кылмыш иши тергелип жатканы айтылат.

УКМКнын маалыматына караганда, Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирилген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шек саналууда.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG