Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

АКШ президенти ЕБди Google үчүн сындады


Дональд Трамп 19-июлда Евробиримдикти анын антимонополия боюнча органы Google компаниясына беш миллиард доллар айып салуу менен АКШдан артыкчылык алып жатканы үчүн сындады.

“Мен айтпадым беле. ЕБ жаңы эле биздин эң мыкты компаниябыз Googleга 5 миллиард доллар айып салды. Алар АКШны алдады, бирок көпкө эмес”,- деп жазды Трамп 18-июлда "Твиттердеги" баракчасына.

Евробиримдик Google компаниясына интернеттеги издөө системаларын мобилдик телефон аркылуу колдонуудагы антимонополдук мыйзамды бузганы үчүн 4,34 миллиард евро же 5 миллиард доллар айып салганын 18-июлда жарыялаган.

ЕБдин атаандаштык боюнча комиссары Маргрет Вестагердин айтымында, Google мобилдик жабдуулардын Android тибин өндүргөндөрдү алардын браузерин жана издөө системасын орнотуу менен гана сатууга мажбурлаган.

Башкача айтканда, Google мобилдик жабдуулардын Android тибин жасагандарга башка браузерлер менен издөө системалары болбошун кепилдөө үчүн акча төлөп турган.

Google өз кезегинде Еврокомиссиянын чечимин аппеляцияга бере турганын билдирди.

25-июлда АКШга президент Дональд Трамп менен жолугуу үчүн Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер барганы жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG