Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Малчылардын республикалык жыйыны өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 20-июлда Суусамыр жайлоосунда малчылардын V республикалык жыйыны өтөт. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыша турганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйындын максаты – ар бир облустун малчыларынын жана адистеринин ортосунда кызматташтыкты, байланышты бекемдөө.

Иш-чаранын алкагында асыл тукум мал көрсөтүлүп, аукцион өтөт. Коноктор малчылык, сүт азыктары боюнча кеңири маалымат ала алышат.

Жайлоого 30дан ашуун боз үй тигилип, улуттук оюндар ойнолот. Малчылардын жыйыны эки күнгө созулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG