Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында өрүк фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Муратбек Исмаилов “Азаттыкка” билдирди.
“Өрүк Fest 2018” фестивалы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен уюштурулуп, дыйкандардын эмгегин даңазалоону максат кылат. Анда өрүктөн жасалган бардык азыктар, как, кыямдан тартып өрүк кошулган самынга чейин көргөзүлүп, мастер-класстар уюштурулат.
28-июлда өтө турган фестивалга 3 миңден ашуун адам катышуусу күтүлүүдө. Ага өрүгү менен таанылган Баткенден жана коңшулаш Тажикстандан да дыйкандар катышат. Жармаңке, мастер-класстар, оюндар, көргөзмөлөр жана конкурстар уюштурулат.
Өрүк фестивалы 2016-жылдан бери өткөрүлүп, салтуу иш-чарага айланды.(КЕ)