Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Арашанда Албек Ибраимовдун тарапкерлери чогулууда


Жыйындын катышуучулары. Арашан айылы, 20-июль, 2018-жыл.
Жыйындын катышуучулары. Арашан айылы, 20-июль, 2018-жыл.

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Албек Ибраимовдун тарапкерлери жыйын курууда. Жалпысынан 50 чакты адам чогулду.

Алар Ибраимов негизсиз камалганын, аны коргоо комитетин түзүш керек экенин айтып жатышат. Ошону менен катар УКМК кызматкерлери Ибраимовду кармап кетип жатканда анын күзөтчүлөрүн сабап, үйүндөгү видеокөзөмөл тасмаларын алып кетишкенин белгилешти.

Жыйынга район акими Алтынбек Намазалиев да чакырылган. Ал кандай нааразылык болсо да мыйзам чегинде чечүү зарыл экенин айтты.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектүү катары УКМКнын тергөө абагына камалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG