Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

УКМК: Жалал-Абадда оорукана кургандар мамлекетке 17 млн. сомдук зыян келтирген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Жалал-Абад облусунун Турак жай-жарандык абал департаментинин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерин "мыйзамсыз келишим түзүшкөн" деп айыптап жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган мекеме 2017-жылдын март айында балдар үчүн облустук психоневрологиялык оорукана курууга сынак жарыялаган. Ага катышкан компаниялардын бири сынактын жыйынтыгына макул болбой каршы чыккан. Кийин, мекеме аралык комиссиянын талабына карабастан, Капиталдык курулуш башкармалыгы тендердин жеңүүчүсү менен келишимге кол койгон.

Коррупцияга каршы кызмат аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери муну менен мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирген деп эсептейт.

Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("КРнын кызыкчылыктарына каршы келген контрактка кол коюу") беренелеринин негизинде иш козголуп, тергөө башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG