Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Финполиция санарип сигналдарын жеткирүүчү ишканага жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) санарип телекөрсөтүү сигналдарын жеткирүүчү ишканага байланыштуу козголгон кылмыш ишине түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө бардык иш-аракеттер ыкчам маалыматтарга негизделгени, ашыкча коротулган акчанын суммасы 81 миллион 631 миң сом болгону айтылат.

Ошондой эле “тергөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү кызмат адамдарына юридикалык баа берилет” деп да белгиленди.

Финансы полициясы санарип телекөрсөтүү сигналдарын элге жеткирүүчү ишканада жемкорлук фактылары болгонун бейшемби күнү билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы Теле жана радионун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси 15 каналда суткасына 24 саат санарип көрсөтүүлөрдү берип жатканын маалымдаганы менен иш жүзүндө каналдардын саны 10дон ашпаганы аныкталганын жана мамлекеттик бюджетке 81 миллион 631 миң сомдук зыян келтирилгенин кабарлаган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникация департаменти Финансы полициясы козгогон кылмыш ишине байланыштуу өз пикирин билдирип, анын маалыматы чындыкка дал келбесин, мамлекеттик бюджет зыян тартпаганын айткан.

“Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана ал ортодогу түшүнбөстүктүн натыйжасында келип чыкты. Санарип телекөрсөтүүгө өтүп жаткан учурда трансляциясын мамлекет каржылаган телеканалдардын социалдык пакетине ар кандай сандагы телеканалдар (техникалык параметрлер боюнча эң көбү – 15) кирген болчу. Бирок төлөө үчүн эсептерди департаментке берип турган (Теле жана радионун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси) РПО РМТР ишканасынын адистери санарип каналдар трансляция болгондо кеп бирдиктүү, бөлүүгө мүмкүн эмес, үзгүлтүксүз агым тууралуу жүрүп жатканын айтышкан. Демек, бул агымда кандай гана сандагы телеканал болбосун, алардын трансляциясы каналдардын саны жана бир суткадагы көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнө карабастан бирдей болгон. Департамент каналдарды соцпакетке алардын тиешелүү процедуралардан өтүшүнө жана өкмөттүн чечимдерине жараша киргизип жатты. Демек, мамлекетке келтирилген кайсы бир зыян тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес” деп айтылат департаменттин жообунда.

Маалымат жана массалык коммуникация департаменти бул ишке байланыштуу сотко кайрылуу укугу бар экенин да айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG