Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Денис Тенди өлтүрдү деп шектелгендердин бири кармалды


Казакстандык спортчу Денис Тен.
Казакстандык спортчу Денис Тен.

Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин бири 20-июлда кармалды. Алматы шаарынын прокурору Берик Жуйриктаев кылмышка шектүү катары кармалган, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов адвокатынын катышуусунда берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алганын билдирди. Киясов убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду.

Экинчи шектүүнү издөө иштери уланууда. Жергиликтүү басылмалар белгилүү спортчу менен коштошуу 21-июлда эртең менен Балуан Шолак атындагы спорт сарайында өтөрүн жазып жатышат.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган.Тен алган жараатынан ооруканадан каза тапкан.

Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

2015-жылы "Төрт континенттин чемпионатында", VII кышкы Азия оюндарында чемпион аталган. Ванкувер олимпиадасына катышкан. 2017-жылы Алматыда өткөн Универсиадада чемпион аталган. Ал Олимпиада оюндарына жана дүйнө чемпионатына жеткен биринчи казакстандык фигурист болгон.

XS
SM
MD
LG