20-июль күнү кечки саат сегизге чукул милицияга Бишкектин Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын аймагында жардыруучу зат бар деген маалымат түшкөн. Аталган эки аймакта тең ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай шектүү заттар табылган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, опера жана балет театрынын жанынан чемодан табылып, бирок анын ичинде жардыруучу зат болгон эмес.
Буга чейин да бир канча ирет ушинтип телефон аркылуу түшкөн маалыматтар жалган экени аныкталган. Күч органдары жалган маалымат берген адам үч жылга чейин камаларын эскертишет. (TSh)