Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

Азимжан Аскаров сыркоолоп айыкканын билдирди


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

20-июлда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров менен жолугуп чыгышты. Мекеменин маалымдашынча, 19-июлда Аскаровдун ден соолугу начарлап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок, улуттук борбордун кызматкерлери менен жолуккан учурда Аскаров жайдын башында сасык тумоо болуп айыкканын, дары убагында берилип жатканын жана абактын жетекчилигине эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Буга чейин жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрүнө Аскаров менен жолуктурууга уруксат берилбей жатканы маалымдалган. Борбор бул тууралуу Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын жетекчилиги менен бир аз түшүнбөстүктөр болгонун билдирди.

Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Бир катар эл аралык уюмдар ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG