Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Кыргызстан Кытайга бал экспорттойт


Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан экономикалык форумда Кыргызстандан бал экспорттоо тууралуу кытайлык “Тутар инвест” компаниясы менен келишимге кол коюлду. Бул келишим президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары маалындагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бал азыгы 2018-жылдын күз айларынан баштап ташылаары күтүлүп жатканын “Азаттыкка” маалымдады.

Бүгүн форумда чет элдик компаниялар менен кызматташуу боюнча жалпысынан сегиз макулдашууга кол коюлду. Алар: Жалал-Абад облусундагы "Кыргыз мрамор заводу" ЖЧК жана Өзбекстандын “Модерн Керамик” ишканасынын ортосунда, кытайлык "Кыргыз-Кытай Жибек жолу" соода компаниясы, "Куншень Горнопром" ишканасы менен Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги ортосунда өз ара кызматташуу боюнча, Орусиянын "Продмассив Сибирь" ишканасы менен "Аквапром", “Конурал Голд Фиш” компаниясы ортосунда дилердик кызмат көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Мындан тышкары Кыргызстандагы “Кирби” кооперативдик ишканасы менен Өзбекстандын "Кирбиуз" компаниясы картошканы экспорттоо тууралуу макулдашты.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Регионду өнүктүрүү: инновация жана маалыматтык технологиянын ролу” деп аталган форум өтүп жатат. Мындай форум быйыл 5-ирет өтүүдө. (NT/As)

XS
SM
MD
LG