Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

Жыл башынан бери сууга чөккөндөрдүн саны 70тен ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкө боюнча 72 адам сууга чөгүп каза тапкан. Алардын 46сы эркек, жетөө аял, 19у өспүрүмдөр болгон.

Сууга чөгүп кеткен окуялар көп катталган аймактардын сап башында Чүй облусу, андан кийин Жала-Абад, Бишкек шаарлары, Ош, Ысык-Көл облустары турат.

Буга чейин өкмөт чөгүп каза болгон балдар үчүн ата-эне күнөөлүү экенин эскерткен. Бул көйгөйдү жоюу үчүн эл арасында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин, буга жергиликтүү бийликти да тартуу зарылдыгын белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG