Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынак жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра турган компанияга сынак жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

- Биз жаңы сынак жарыяладык. Кечээ өкмөттүн буйругуна кол коюлду. “Коопсуз шаар - “Акылдуу шаардын компоненти. Августтун аягында сынактын жыйынтыгы чыкса, сентябрь-октябрда ал ишти баштайбыз.

"Коопсуз шаар" долбоорун кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери пландап, бирок толук ишке ашыра албай келе жатат.

“Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кыргыз өкмөтү менен кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы 11-январда кол койгон. Келишимге ылайык, кытайлык компания Бишкек менен Ош шаарына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата жолдоруна жана "Манас" аэропортуна кетчү жолго көзөмөл камераларын орнотууга, аларды техникалык жактан тейлөөгө 60 миллион долларлык инвестиция жумшамак болгон. Ал эми долбоорду ишке ашыруу милдети Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" ишканасына жүктөлгөн. 20-мартта “келишимде жазылган мөөнөт сакталбай, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалган” деген негизде өкмөт түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузуп, аны Кыргызстан өзү аткара турганы айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG