Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Кыргызстандыктар Денис Тендин жакындарына көңүл айтууда


Денис Тен.
Денис Тен.

Казакстандык көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу Казакстандын Бишкектеги элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды. Эки күндөн бери айрым шаар тургундары элчиликке келип, гүл коюп кетүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

21-июлда Казакстандын Алматы, Астана шаарларында белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өттү.

Казакстан Денис Тен менен коштошту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Денис Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Денис Тенди өлтүргөн деп шектелгендердин бири.
Денис Тенди өлтүргөн деп шектелгендердин бири.

Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG