Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Чек ара кызматы: кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал катталган эмес


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Мамлекеттик чек ара кызматы 1-июлдан 20-июлга чейин кыргыз-өзбек чек ара тилкелеринде эч кандай жаңжал катталбаганын белгилеп, Өзбекстандын Шахимардан айылындагы кыргыз жарандары катышкан чатак боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандын Шахимардан анклавы аркылуу келатып өзбекстандык жарандар менен чатакташа кеткен. Чек ара кызматы муну чек арадагы жаңжал катары баалоого болбой турганын белгиледи.

Жарандардын чатагы боюнча эки мамлекеттин укук коргоо органдары жолугушуп, иликтөө иштери башталды.

Чек ара кызматы жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул боюнча Өзбекстандын расмий органдары комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG