Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Мэр шайлоо: Сот Гудковдун өтүнүчүн канааттандырган жок


Оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков аны шаар мэрлигине талапкер катары каттабай койгон Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине байланыштуу Москва шаардык сотуна кайрылган. Бирок сот оппозиционердин арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Гудковдун адвокаты Николай Васильев "Интерфакс" агенттигине маалымдап, соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга даттанаарын билдирген.

Дмитрий Гудков – “Партия перемен" саясий партиясынын лидери, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты. Ал БШКга 63 муниципалдык депутаттын кол тамгасы менен мэрликке талапкерлигин каттатуу үчүн документ тапшырган. Эреже боюнча талапкер болуу үчүн жергиликтүү кеңештин бери дегенде 110 депутатынын колдоосуна ээ болушу керек. Бирок Гудков сотко жазган арызында бул талап анын конституциялык укугун бузаарын белгилеген. Ошондой эле буга чейин саясатчы шаардык соттон оң жыйынтык күтпөстүгүн айтып, Конституциялык сотко кайрылаарын билдирип келген.

Москва мэрлигине учурдагы калаа башчысы Сергей Собянинди кошкондо төрт талапкер катталды. Талапкерлердин ичинде оппозициянын өкүлдөрү жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG