Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Кымбат Акмолдоева апа 84кө карап дүйнө салды


Кымбат Акмолдоева жаш кезинде.
Кымбат Акмолдоева жаш кезинде.

Кыргыздын чыгаан тарыхчысы Өмүркул Караевдин жесири Кымбат Акмолдоева апа 20-июлда саат 18:30да оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Ал быйыл 7-январда 83 жашка чыккан болчу.

Кымбат Акмолдоева Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Социалчы айылында (азыркы Доктурбек Курманалиев атындагы айылда) туулуп-өскөн.

Ал Бишкектин түштүк-чыгыш четиндеги Көк-Жар кыштагында агартуу тармагында (анын ичинде Көк-Жардагы орто мектептин директору, окуу бөлүмүнүн башчысы жана кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп) 40 жылдай иштеп келип, 1990-жылдары ардагерликке чыккан. Ал тарыхчы Ө.Караевге өтө оор учурларда да жаншерик болуп, ырааттуу колдоп келген.

Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 22-июлда саат 09:30—10:00дон тартып Көк-Жар айылында Эркинбек Матыев атындагы көчөдөгү №4 үйдө өткөрүлмөкчү.

Маркумдун сөөгү Көк-Жар кыштагынын чыгышындагы Ала-Тоо айылына карай бараткан жол четиндеги көрүстөндө ыраматылык Өмүркул Караевдин мүрзөсүнүн жанына коюлмакчы.

Бул тууралуу “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинен маалымдашты.

XS
SM
MD
LG