Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Трамп: “Силердин сүйүктүү президентиңер эч кандай жаман нерсе жасаган жок”


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Дональд Трамп өзүнүн мурдагы юристи Майкл Коэнди мыйзам бузган болушу мүмкүн деп айыптады.

“Адвокаттын кеңсесине өкмөттүн бастырып киргени ойго келгис нерсе... Андан дагы ойго келгис нерсе бул адвокаттын кардар менен болгон сүйлөшүүсүн жаздырып алганы” - деди АКШ президенти өзүнүн "Твиттердеги" баракчасында.

Ал Коэндин аракети мыйзамсыз болушу мүмкүн деп божомолдойт. “Негизгиси силердин сүйүктүү президентиңер эч кандай жаман нерсе жасабагыны жакшы жаңылык” – деп кошумчалады Трамп.

Буга чейин Коэндин Трамп менен сүйлөшүүсүн жашыруун жаздырып алганы белгилүү болгон. Апрель айында юристтин кеңсесиндеги тинтүү учурунда жаздырып алынган сүйлөшүүлөр табылган. Анда АКШнын келечектеги президентти Коэн менен мурдагы Playboy модели Карен Макдугалга акча төлөп берүү маселесин талкуулаганы жазылган. Модель Трамп менен болгон мамилеси жөнүндө жарыялаган эле.

Аудио 2016-жылдын сентябрында президенттик шайлоого эки ай калганда жаздырылган. Бул жөнүндө ишемби күнү New York Times гезити жазып чыкты. Басылманын маалыматында бул аудио жазууга АКШнын Юстиция министрлиги кызыктар болушу мүмкүн. Анткени Playboyдун модели үн катпашы үчүн ага шайлоо компаниясынан каражат төлөп берүү мыйзамга бузуу болуп эсептелет.

Трамптын азыркы адвокаты Рудольф Жулиани Макдугал эч кандай акча албаганына байланыштуу мыйзам бузуу болбогонуна ишендирүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG