21-июлда Кыргызстан жана Татарстандын мусулмандар дин башкармалыктарынын муфтийлери Максатбек Токтомушев менен Камил Самигуллин жолугушту.
Татарстанда өткөн жолугушууда муфтийлер дин тармагында тажрыйба алмашуу, кызматташуу боюнча пикир алмашып, кызматташуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады.
Муфтий Максатбек Токтомушев Татарстанга диний конференцияга конок катары чакырылган. Токтомушев Татарстандын туңгуч президенти Минтимер Шаймиев менен дагы жолугушту. (TSh)