Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Валентина Шевченко сентябрда Никко Монтаньо менен беттешет


8-сентябрда Техастын Даллас шаарында (АКШ) белгилүү кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко спорттун эрежесиз мушташ (UFC) боюнча чемпиондук наам үчүн Никко Монтаньо менен беттешет. Бул тууралуу UFCнин расмий сайтында маалымдалды.

Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат.​ Кийинки жылдары эрежесиз мушташ боюнча эл аралык таймаштарда ийгилик жаратып келатат. “Аялдар арасындагы мыкты тайбоксчу” наамы бар. Алгачкы титулун таэквондо боюнча 2002-жылы алган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG