Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ президенти Дональд Трампты Тегеранга каршы саясат жүргүзбөөгө чакырды. Жекшемби күнү өлкөнүн дипломаттары менен жолугушууда ал “Америкалыктар Иран менен тынчтыкта болуу тынчтыктын ачкычы, ал эми Иран менен согушуу бардык согуштардын ачкычы экенин билиши керек” деди ал. "От менен ойногон болбойт, өкүнүп каласыңар" деп кошумчалады Роухани жана “ирандыктар эч убакта эч кимге чөгөлөбөйт” деп билдирди.
Трамп быйыл майда Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.
Вашингтон азыр Иран менен соода кылган тараптарга анын Тегеранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы бөлүгү быйыл 4-августтан тартып калыбына келерин эскертүүдө.