Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Ирандагы жер титирөөдөн 25 киши жаракат алды


Ирандын Керманшах провинциясында былтыр ноябрда болгон жер титирөөнүн кесепеттери.
Ирандын Керманшах провинциясында былтыр ноябрда болгон жер титирөөнүн кесепеттери.

Бул тууралуу жергиликтүү медиа кабарлоодо. Жер силкинүүсү 22-июлда Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында катталган.

Иран медиасынын жергиликтүү бийликтерге шилтеме жасап кабарлаганына караганда, аймактагы бүгүнкү жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны 25ге жетет, башка чыгым болгон жок.

Хормозган провинциясынын аймагында бүгүн кеминде үч ирет жер силкинүүсү катталып, ирандык адистердин эсебинде алардын кубаттуусунун күчү 5,9 баллга жеткен.

АКШнын Геологиялык кызматы Ирандагы бүгүнкү зилзаланын кубатын 5,4 балл деп эсептеди.

Сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан Иранда жер силкинүүсү утур-утур кайталанып турат. Былтыр ноябрда өлкөнүн батышындагы Керманшах провинциясында зилзаладан кеминде 620 киши каза таап, миңдегендери жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG