Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Иранда жер титирөөдөн жарадар болгондор 150 кишиге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үч жолу кайталанган жер титирөө 22-июлда Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында катталды.

Ирандык адистердин эсебинде алардын кубаттуусунун күчү 5,9 баллга жеткен. Бул тууралуу Иран медиасы жергиликтүү бийликке шилтеме берип кабарлады.

АКШнын Геологиялык кызматы Ирандагы зилзаланын кубаты 5,4 балл болгонун билдирди.

Сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан Иранда жер титирөө утур-утур кайталанып турат. Былтыр ноябрда өлкөнүн батышындагы Керманшах провинциясында зилзаладан кеминде 620 киши каза таап, миңдеген адамдар жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG