Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулукта 35 жаштагы киши он жаштагы кызды зордуктоо аракети үчүн кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Шектүү Нарын облусунун тургуну экени такталды. Ал тергөө бүткүчө камакка алынды.

10-июлда күндүз Сокулуктун базарында соода кылган энесине жардамдашып жүргөн кызды дааратканага барганда белгисиз жаран зордуктап салганы кабарланган. Кыздын жакындары бул боюнча милицияга арыз жазып, кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн фотороботу таратылып, издөө иштери башталган.

Учурда зордуктоого кабылган тестиер менен психологдор иштеп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG