Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Канададагы атышуудан он чакты киши жабыркады


Торонтонун атышуу болгон аймагы. 22-июль, 2018-жыл.
Торонтонун атышуу болгон аймагы. 22-июль, 2018-жыл.

Жекшемби күнү кечинде Торонто шаарынын борбордук бөлүгүндө белгисиз адам көчөдө өтүп бараткандарга туш келди ок атып, андан онго жакын адам жарадар болду.

Жабыркагандардын арасында кичинекей бала да бар. Ок аткан адам өзү да окуя болгон жерде жан берген. Ал полициянын огунан өлгөнү же өз жанын кыйганы азырынча белгисиз.

Торонтодо соңку бир жылда атышуулардан курман болгондордун саны мурдакы жылга салыштырмалуу 56 пайызга көбөйгөн. Бийлик коомдук тартипти көзөмөлдөөнү бекемдөө максатында полиция кызматкерлеринин санын 200гө арбытты.

XS
SM
MD
LG