Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленди


Бишкек шаардык мэриясы.
Бишкек шаардык мэриясы.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Буга байланыштуу аны иштен бошотуу тууралуу буйрукка 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Мэрдин милдетин азыр вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып 19-июлда кармалган. Ошол эле күнү Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, аны тергөө аяктаганча, 29-августка чейин камакка алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG