Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Күртстан: куралчандар өкмөттүк имаратка чабуул коюшту


Эрбилдеги өкмөттүк имарат. 23-июль, 2018-жыл.
Эрбилдеги өкмөттүк имарат. 23-июль, 2018-жыл.

Ирактын Күрт автоном аймагынын Эрбил шаарында куралчан согушкерлер өкмөттүк имараттын бир бөлүгүн басып алышты. Бир нече полиция жабыркаганын расмий бийликтин өкүлдөрү маалымдашты.

"Reuters" агенттиги кабарлагандай, дүйшөмбү күнү согушкерлер имаратка кирип келип, алгач күзөтчүлөрдүн куралын тартып алышкан. Андан соң полиция кызматкерлери менен куралчандардын ортосунда атышуу башталган.

Эрбилдеги бул имарат Күрт автономдуу өкмөтүнө таандык. Учурда согушкерлер төрт кабаттуу имараттын соңку кабатын толук көзмөлдөп турушканы кабарланды.

Коопсуздук күчтөрү имаратты курчоого алышып, согушкерлерге чабуул коюуга камданып жатышат. Куралчандардын артында кайсы топ турганы белгисиз. Эрбил буга чейин Ирактагы туруктуу жана тынч шаар деп мүнөздөлүп келген.

XS
SM
MD
LG