Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Таласта жол кырсыгынан алты жаштагы бала каза тапты


Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас шаарында алты жаштагы баланы автоунаа коюп кетип, ал ооруканадан эсине келбей жатып каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, окуя болжол менен 22-июлда, саат 22:40тар чамасында болгон. Кылмышка шектүү катары "Stepwagon" үлгүсүндөгү автоунаанын 24 жаштагы Талас районунун Манас айылынын тургуну кармалып, учурда сурак берип жатканы кабарланды.

2018-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстандын аймагында 1580 жол кырсыгы катталып, анын 331 учурунда балдар да аралашкан. Авто авариялардан 167 адам каза болсо, анын 20сы балдар болгон. Ал эми жол кырсыктарынан жалпы 2261 адам жабыркаса, алардын 360ын жашы жете электер түзгөн. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG