Ош шаарындагы "Журналисттер аллеясында" өткөн эскерүү иш-чарасына расмий бийлик өкүлдөрү, журналисттер, жарандык коом өкүлдөрү катышты.
Анда чыгып сөз сүйлөгөндөр Эгизбаевдин 28 жылдык кыска өмүрүндө курч журналист катары элге таанымал боло алганын белгилеп, анын мамлекеттин, демократиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, чыныгы журналист болгонун белгилешти. Жыйында ошондой эле иликтөө журналистикасында Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык уюштуруу жөнүндө сунуштар айтылды.
Уланбек Эгизбаевди эскерген митинг-реквием "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинде да өттү. Ага саясатчылар, президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, министрлер, депутаттар, журналисттер жана аны тааныгандар катышты.
"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, кийин Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган “Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдады. Окуяны министрлик көзөмөлүнө алды.
Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келе жаткан. (MdN\ErN)