Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

АКШдагы кыргызстандыктар Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө каражат чогулта башташты


Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасынан. 23-июль, 2018-жыл.

Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар дүйнөлүк "gofundme" кайрымдуулук порталы аркылуу журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүн колдоого каражат чогулта башташты.

“Кыргыздын чыгаан азаматы, чындык дегенде жанын үрөп, башын канжыгага байлап чыркырап түшкөн баатыры Уланбек Эгизбаев дүйнөдөн кайтты. Уландын өлүмү кыргыз жергесинде көпчүлүктү болуп көрбөгөндөй муңга бөлөдү. Баатырын барктабаган эл алсыз дейт. Келгиле? Артында калган жубайынын, тукумун улантып дүйнөгө жакында келе турган баласынын жана ата энесинин кайгысын тең бөлүшүп кол кабыш кылалы, Уландын пикирин жана кылган иштерин улантуу үчүн бел байлайлы. Баатырыбызбы барктап алалы, артынан болсо да”, - деп жазылган кыргызстандыктардын порталдагы кайрылуусунда.

Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 28 гана жашта эле.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG