Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Жалилов: Эгизбаев чындык үчүн чыркырап күйгөн журналист эле


Экс-муфтий Чубак Жалилов менен Уланбек Эгизбаев жаш журналисттер менен жолугушуу учуру. 7-март, 2015-жыл.
Экс-муфтий Чубак Жалилов менен Уланбек Эгизбаев жаш журналисттер менен жолугушуу учуру. 7-март, 2015-жыл.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-муфтий Чубак Жалилов “Азаттыктын” каза болгон кабарчысы Улан Эгизбаев тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасында билдирүү жазып, журналистти акыйкат үчүн күйүп-жанган инсан катары баалады:

“Оттой жанган, чындык үчүн чыркырап күйгөн, таарынышкандарды жараштырганга далалат кылган, жашоосу сааттай чыкылдап өткөн, жигиттин гүлү Улан мырзанын дүйнө салышы кабыргамды кайыштырды. Үйлөнөөрүндө келинчеги Сапаргүл экөө келип, мусулман пендеси молдодон угаар акыл-насаат сурап, айткан сөзгө муюп кулак салганын бир эстесем, досуна күйөө жолдош болуп нике кыйдыртып кеткенин бир эстейм. Агалык кылып кээде урушуп койсом, ашыкча сөз айтпай угуп, “Макул ажыкем!” дегени көз алдымда дале турат”, - дейт ал.

“Менден алган акыркы маегиң "Кабырстан коррупциясы" жөнүндө болгон эле. Маектин акырында сени алып калып, башыңды кармап дем салып берип, көз тийгенден сактаган дубаны жазып колуңа карматып, "ушуну дамамат окуп жүр, жамандардын көзүнөн, өзүнөн Кудайым сактасын, улуу жолдосуң, акыйкаттын ташы оор, этият бол" деп айтып узаткан элем”, - деп кейийт Чубак Жалилов.

Экс-муфтий ошондой эле билдирүүсүндө маркум Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, келинчегине сабыр тилеп, дуба кылаарын кошумчалайт.

"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, кийин Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Журналист кырсыктаган “Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу барып, окуяны иликтеп жатат.

Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келе жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG