Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Премьер-министр суунун тарифин кайра карап чыгууну сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын баасын кайра карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу тармагындагы “Ала-Тоо булагы” программасын ишке ашыруу боюнча кеңешмеде билдирди.

“Мисал үчүн, суунун бир куб метри, бул миң литр - Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5,38 сом, ошол эле учурда өздүк наркы – 7,70 сом. Желим шишедеги 1 литр суунун баасы 20 сомдон ашат. Мындай болбошу керек. Калктын ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу абзел. Топтолгон каражаттар өлкөнүн бардык аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылыш үчүн инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө жумшалат”, - деди өкмөт башчы.

Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүгө ылайык, жыйында өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев аталган долбоордун алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, республиканын 115 айылында суу менен камсыздоо тутумдарын куруу пландаштырылган. Бул 300 миңдей адамды камтыйт. Долбоор Дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылмакчы. Жалпысынан суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө 94 млн. доллар каралган.

Отчётту уккан Абылгазиев “Ала-Тоо булагы” программасын аткарууда буга чейинки “Таза Суу” программасын ишке ашырууда кетирилген каталарды кайталабастан, бардык долбоорлорду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү зарыл экенин эскертти. (ErN)

XS
SM
MD
LG