Орусияда түрмөдөгү кыйноону көрсөткөн видео тасманы журналисттерге берген адвокат Ирина Бирюкова өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу 23-июлда "Коомдук вердикт" фонду кабарлады. Бирюкова Орусиянын Федералдык тергөө комитетине кат жазып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууну суранган болчу.
Адвокат өткөн аптада "Новая газета" басылмасына берген 10 мүнөттүк видео тасмада Ярославлдагы түзөтүү колониясында Евгений Макаров аттуу соттолгон адамды форма кийген он чакты киши катуу сабап жатканы көрсөтүлгөн. Макаровдун ыйлап, ур-токмокту токтотууга чакырганын угууга болот.
Орусиянын Тергөө комитети абактагы адамды сабоого катышкан түрмө кызматкерлери аныкталганын, алардын алтоо кармалганын 23-июлда билдирди. Бул видео тасма жарыялангандан кийин 17 түрмө кызматкери кызматтан алынды.