Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

"Мир": Уланбек Эгизбаев кыргыз журналистикасын жаңы бийиктикке чыгарды


"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин алды. 23-июль, 2018-жыл.
"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин алды. 23-июль, 2018-жыл.

Мамлекеттер аралык "Мир" телеканалынын Кыргызстандагы филиалынын эмгек жамааты "Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз каза тапканына байланыштуу жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөөрүн билдиришти.

Телеканалдын жамааты жиберген билдирүүдө Уланбек Эгизбаев аз, бирок саз жашаганы, артында көп из калтырып кеткени жазылган.

Ошондой эле маркум кыргыз журналистикасын жаңы бийиктикке чыгарганы белгиленген. Ушундай эле мазмундагы көңүл айтуу катын Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы да "Азаттыктын" дарегине жөнөткөн.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.

Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан.

Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.

28 жаштагы Уланбек Эгизбаев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУдан саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келген. Маркум ата-энесинин төрт кыздан кийин көргөн жалгыз уулу. Артында ата-энеси, эжелери жана кош бойлуу жубайы калды. Сөөгү 24-июлда саат 10.00дө өзү туулуп-өскөн Кочкордун Көк-Жар айылына коюлат.

XS
SM
MD
LG