Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:36

"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилет


Маркум туулган айылда аны менен коштошуу зыйнаты болуп жатат. 24-июль, 2018-жыл.

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев менен коштошуу зыйнаты маркум өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында өтүп жатат. Анын сөөгү бүгүн саат 10.00дө коюлат.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.

Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон. 28 жаштагы Эгизбаевдин артында ата-энеси, төрт эжеси жана кош бойлуу жубайы калды.

Жакындарынын өтүнүчү менен маркумдун сөөгү экспертиза үчүн Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген.

Сөөктү ачуу иштери 23-июлда болгон. Ага катышкан "Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетов маркумдун бутунан тактарды байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын билдирди.

Азыр мунун чоо-жайын соттук-медициналык экспертиза текшерип жатат. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек.

Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист "чөгүп өлгөнү" кабарланган.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG