Журналисттер Интернеттеги социалдык түйүндөргө өзүнүн күнүмдүк кылган иштерин, барган жерлерин жарыялашы анын жеке коопсуздугуна терс таасир этет. Бул тууралуу Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев “Азаттык” радиосунун эфиринде сүйлөп жатып билдирди.
- Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин өзгөчө иликтөө жаатында эмгектенген кесиптештерибиз социалдык медиадагы жигердүүлүгүн өтө кылдат талдашы керек экенин көрдүк, - деди Табалдиев.
22-июлда “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө көз жумду. Милиция "ал чөгүп кетти" деп айтып жатат.
Ал окуя болор алдында социалдык тармактарга кайда, кантип эс алып жатканын улам сүрөт аркылуу маалымдап турган. (BCh)