Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

Конгресс Пентагондун орус коргоо мекемеси менен кызматташуусуна тыюуну узартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Конгресси Пентагондун Орусия Коргоо министрлиги менен кызматташуусуна тыюуну узартты. Бул тууралуу 1-октябрда башталып жаткан келээрки каржылык жылы коргонуу тармагына сарпталчу каражат жөнүндөгү баяндамада айтылат. Бюджет долбоорун Конгресстин эки палатасы тең жактырды.

Документте Москва менен Вашингтондун аскердик кызматташуусун финансылоого тыюу салуу каралган. Кызматташтыкка айрым учурларда Пентагон башчысынын атайын буйругу менен гана уруксат берилет. Баяндамада 2019-жылы Украинага каржылык жардам берүү да сунуш кылынган.

Документтин авторлору Орусия куралды көзөмөлдөө тууралуу келишимди бузганын, өзөктүк каражаттарын модернизациялаганын белгилешти.

XS
SM
MD
LG