Бишкектин бала бакчаларын «сапатсыз сары май менен камсыз кылып турган” деген шек менен козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 25-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 2016-2017-жылдары коммерциялык ишканалардын биринин кызматкери “тендердик комиссиянын мүчөлөрүн алдап, сапаты жагынан талаптарга жооп бербеген сары майды бала бакчаларга жөнөтүп турган” деп айыпталууда.
Быйыл февраль айында ага карата козголгон кылмыш иштери бириктирилип, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык” беренелеринин негизинде расмий айып тагылган. 19-июлда иш сотко жөнөтүлдү.
Быйыл 8-февралда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы ишти күчөтүүнү, мурда козголуп, бирок негизсиз жабылгандарын кайра карап, себепсиз козголгон иштер боюнча акыйкат чечим кабыл алууну талап кылган. (RK)